Дарыгерлер бейтаптарды жеке клиникаларга жөнөтүп акча табат — Кадырбеков

17.01.2024, 16:40 Акчабар
Дарыгерлер бейтаптарды жеке клиникаларга жөнөтүп акча табат — Кадырбеков

Жарандар, айрыкча кары-картаңдар үчүн өлкөдө медициналык жардам алуу өтө кымбат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.

Эл өкүлү мамлекеттик бейтапкана жана ооруканаларда лабораториялар жоктугунан, дарыгерлер бейтаптардын бардыгын жеке менчик дарт аныктоочу жайларга жөнөтүп жатканын айтты.

“83 жаштагы киши менен сүйлөшүп калдым. Ал анализ тапшыруу үчүн менчик клиникага барарын, ал жерде 5 миң сомдой чыгым болорун айтты. Андан кийин дарыгерге келсе, ал дарылардын узун тизмесин жазат экен. Ал дагы бир топ акча. Кайра ооруп калса кайра эле мурдагы анализи жарабай лабораторияга, дарт аныктоо жайларына жөнөтөт”, - дейт депутат.

Нуржигит Кадырбеков менчик клиникаларда томография 4 -7 миң сом өлчөмүндө, ал эми анализдер 250 сомдон өйдө экенин белгиледи.

“Анализдин 174 түрү бар экен. Текшерип көрсөңүз, медиктер сүйлөшүп, «доляга» олтуруп алгандыктан менчик клиниканаларга багыттап жатышат. Мындай баалар менен пенсионерлер, киреше таппаган жарандар кантип медициналык жардам алышат?”, - деп сурады ал. 

Саламаттыкты сактоо министрлиги Алымкадыр Бейшеналиев 70тен ашкандарга мамлекеттик ооруканаларда дарылануу жана анализ тапшыруу бекер экенин айтты. 

“Анда ошол бекер ооруканалардын дарегин, тизмесин бергиле”, - деп суранды депутат.

 

Тэги: дарыгер коомдук саламаттык кымбатчылык Нуржигит Кадырбеков

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу