«Дастан» ТУК менен индиялык «Бхарат Фордж» аскердик багыттагы продукциясын модернизациялайт

07.02.2020, 15:00 Акчабар
«Дастан» ТУК менен индиялык «Бхарат Фордж» аскердик багыттагы продукциясын модернизациялайт

«Дастан» ТУК менен индиялык «Бхарат Фордж» компаниясы аскер багытындагы продукцияны биргелешип модернизациялоо боюнча меморандумга кол коюшту. Аталган келишим Индиянын Лакхнау шаарында 5-8 февралдарында өтүп жаткан коргонуу өндүрүшү тармагындагы эл аралык Defence Expo-2020 көргөзмөсүнүн алкагында бнкитилди.

Кыргызстан тараптан документти бекитүүдө Дастан ТУК башкаруусунун төрагасы Таалайбек Темиралиев, ал эми Индия тараптан «Бхарат Фордж» ишканасынын аткаруучу жетекчиси Баба Кальяни катышты.

«Биз деңиз бизнесинин сегментине киргенибизге кубанычтабыз. Бул кызматташуу  эки ишкананын технологияларын алдыңкы технологиялар менен бириктирет. Биз «Индияда жаса» саясатынын алкагында иш алып баруу менен бул сегменттеги ишмердүүлүгүбүздү кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтөбүз», - деди Баба Кальяни.

Меморандумдун ишке ашуусу аскер продукцияларын бирдиктүү сыноолордон өткөрүп, биргелешкен кеңири өндүрүштү тартипке келтирүүнү камтыйт.

«Дастан» ТУК менен индиялык «Бхарат Фордж» компаниясы аскердик тармакта 2019-жылдын сентябрынан бери кызматташып келет.

  

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу