Депутат Бекешов: «Өзүмдү лох сездим»

01.10.2019, 15:57 Акчабар
Депутат Бекешов: «Өзүмдү лох сездим»

«Мен өзүмдүн турак-жайымды камсыздандыруудан өткөрүү учурунда, өзүмдүн укуктарымды карап көрүп, өзүмдү лох сездим», - деп билдирди Дастан Бекешов (КСДП) бүгүн, 1 – октябрда  фискалдык саясат жана экономика боюнча комитеттин жыйынында. 

Депутат, камсыздандыруу шарттары боюнча таанышып чыккандыгын билдирди. 


«Мен камсыздандыруу шарттары менен таанышып отуруп, өзүмду «лоховать» эттирип, мага мунун эмне кереги бар дедим. Себеби, бул келишимге кол коюп атып сен автоматтык трдө камсыздандыруу компаниясынын кулуна айланат экенсиң. Мен өзум юрист катары ушундай бааладым», - деп билдирди. 


Анын айтымында, камсыздандыруу тууралуу кабарлоо мөөнөтүн 5 күндөн 15 күнгө чейин узартууну сунуштады. Эл өкүлүнүн пикиринде, 5 күн аздык кылат. 

«Биз бир гана камсыздандыруу компаниясынын кызыкчылыгы үчүн иштебешибиз керек, биз жарандардын кызыкчылыгы үчүн иштешибиз керек», - деп билдирди. 


Комитет 2019 – жылдын 21 – февралында КР өкмөтүнүн №82 токтомуна ылайык,  «КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү «Турак-жайларды өрт ж.б. табигый кырсыктардан милдеттүү түрдө камсыздандыруудан өткөрүү», мыйзам долбоорун экинчи окууда карады. 


 Кийинчерээк эл өкүлдөрү мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырышты. 

Тэги: Депутат КР Дастан Бекешов камсыздандыруу компания

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу