Депутат: "Экологияга залакасын тийгизген объектилерди курууну токтотуу керек"

07.02.2020, 13:00 Акчабар
Депутат: "Экологияга залакасын тийгизген объектилерди курууну токтотуу керек"

2020-жылдын 5-февралындагы Жогорку Кеңештин пленардык отурумунда «Республика-Ата-Журт» фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова эмне үчүн Ат-Башыдагы логистикалык борбор өнөр жай борбору деп аталып калганын сурады.

Депутаттын айтымында, Кытай өз жеринде көптөгөн өнөр жай борборлорун куруп салып, экология тууралуу эми гана ойлоно баштаган.

Эл өкүлү Кыргызстанда дагы окшош кырдаал пайда болот деген кооптонуулар менен бөлүштү.

«Экологияга залака келтире турган объектилерди курууга бөгөт коюу керек. Биз айлана-чөйрөбүздү кирдетүү менен туристтик өлкө статусубузду жоготуп алуубуз мүмкүн»,-деди ал.

Эл өкүлү талаптарды толук аткарбаган инвесторлорго карата кандай чара көрүлөрүнө кызыкты.

«Берилген убадалар аткарылбаса жерлерди кайра кайтарып алуу механихмдерин иштеп чыгуу керек»,-деп эсептейт ал.

Буга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аталган борбордун толук аты- «Ат-Башы индустриялык логистикалык борбору» экендигин айтты.

«Индустриалдык деген сөз өнөр жай дегенди түшүндүрөт»,-деди ал.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу