Депутат казакстандык банктарды "канкорлор" деп атады

07.02.2020, 10:00 Акчабар
Депутат казакстандык банктарды "канкорлор" деп атады

Казакстан мажилисинин депутаты Омархан Оксикбаев керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоодо өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулоо маалында казакстандыктардын банктар алдындагы кызыкчылыктарын коргой турган ченем киргизүүнү сунуштаган. Бул тууралуу nur.kz порталы кабарлады.

Өзүнүн сунушун толуктап жатып, Оксикбаев бүгүнкү күндө келип түшкөн даттануулардын 80 пайызы каржы тармагындагы бузууларга байланыштуу экендигин билдирген. Алардын ичинен 50 пайызы банктар жана каржы институттарына тиешелүү.

Казакстандыктар алданып, укуктарынын бузулушуна кабылгандыгын айтып, мамлекеттик органдар аларга жардам берүүгө аракет да  кылбагандыгына нааразычылык билдиришкен.

Бүгүнкү күндө казакстандыктардын банктар алдындагы жалпы карызы 7 трлн теңгени түзөт.

Эл өкүлүнүн айтымында, мыйзамга керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргогон макала кирмейинче абал өзгөрбөйт.

«Азыр болсо экинчи деңгээлдеги банктар эч кимдин кызыкчылыктарын коргобойт. Алар канкорлор сыяктуу. Керектөөчү насыяларды гана берип, бизнести насыялабайт. Бул шарттарда биз мыйзамга калктын кызыкчылыгын коргогон макала киргизүүбүз абзел»,-деди Омархан Оксикбаев.

Ошондой эле депутат өлкөнүн дүкөн базарларындагы товарларда эмне деп жазылганын окуу үчүн жанына лупаларды кошо коюуну сунуштады. Анын айтымында, бул өзгөчө азык-түлүк продукцияларына тиешелүү. Же чыгаруучуларды товардын курамы менен жарактуулук мөөнөтүн чоң тамгалар менен жаздырууга милдеттендирүү керек дейт.

«Майда тамга менен жазылган, аны жада калса окуй дагы албайсың. Окуш үчүн жаныңа микроскоп же лупа алып жүрүү керек. Балким, ал үчүн дүкөндөргө лупаларды дагы коюуну караган ченем киргизебиз. Калк аны окуй алышына шарт түзүү керек да. Аны окуй албасаң, анда иштин баары эмне үчүн жасалды? Жөн эле белги үчүнбү? Болбосо чоң шрифт менен жазуу керек. Эгерде сот боло турган болсо, алар маалыматтын баары таңгакта жазылган дешетта. Бул кырдаалда дагы биз керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгн коргошубуз керек»,-деди депутат.

Тэги: депутат банк насыя казакстан маж

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу