Депутат Алиярбек Абжалиев мамлекетке 20 млн сом кайтарды

28.06.2021, 15:30 Акчабар
Депутат Алиярбек Абжалиев мамлекетке 20 млн сом кайтарды

 

Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев мамлекетке 20 млн сом кайтарды. Бул тууралуу Reporter.kg УКМКнын маалымат кызматына таянып жазды.

Бул иш боюнча жалпы чыгым болжол менен 50 миллион сомду түзөт, калган 30 миллион сом жакынкы аралыкта алынышы керек.

Абжалиев издөөдө жүргөн адамдардын тизмесинде жок болгондуктан, ал кармалган эмес. 

Эске салсак, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Абжалиев мамлекеттик кызматтарда иштеп жатып, өзүнүн расмий кирешеси менен салыштырууга болбой турган мүлктүк активдер, атап айтканда, 20дан ашык элиталык батирлер, Бишкек шаарынын VIP шаарчаларындагы турак үйлөр, Ысык-Көлдөгү пансионат, Көл жана Чүй облустарынын аймагында жер тилкелер, ошондой эле Түркиядагы жана БАЭдеги кыймылсыз мүлктөргө ээлик кылаарын билдирген.

Тэги: Депутат ЖК деньги ущерб

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу