Депутаттар эмдөө үчүн 20 млн доллар бөлүү боюнча макулдашууну кийинкиге калтырышты

24.05.2021, 13:30 Акчабар
Депутаттар эмдөө үчүн 20 млн доллар бөлүү боюнча макулдашууну кийинкиге калтырышты

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргызстан менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы COVID-19 боюнча чукул долбоорду каржылоо боюнча келишимдеги өзгөртүүлөргө байланыштуу макулдашуу катынын долбоорун карады. Бул тууралуу парламенттин сайтында маалымдалды.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлү белгилегендей, Бүткүл Дүйнөлүк Банк 0,75% үстөгү менен 10 миллион доллар насыя жана COVID-19га өзгөчө кырдаалдарда чара көрүү үчүн кошумча каражат катары 10 миллион доллар грант берүүнү пландаштырууда. Кошумча каржылоонун жана долбоорду реструктуризациялоонун негизги максаттары COVID-19 вакциналарына жеткиликтүү камсыз кылуу. Насыянын мөөнөтү 38 жыл, анын ичинде 6 жылдык жеңилдетилген мөөнөт.

Талкуу учурунда депутат Сайдулла Нышанов докладчы депутаттардын суроолоруна жооп бере албагандыгына байланыштуу аталган макулдашуу катынын долбоорун кароону кийинкиге калтырууну сунуштады.


”Макулдашуу катынын долбоорунда көптөгөн каталар бар, аларды оңдоо керек", - деп кошумчалады депута

 

Тэги: соглашение деньги МАР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу