2019-2020-жылдар мезгил аралыгында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында 10 млн. 693,8 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди.
Кажы буузалардын ичинен 1 млн. 925,4 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, аудиттин жүрүшүндө 1 млн. 751,9 миң сом калыбына келтирилген.
Эсеп палатасынын аудитинин жыйынтыгында төмөнкүдөй каржы бузуулар аныкталган:
2019-жылга «РСК Банк» ААКсы менен Мамлекеттик комиссиянын ортосундагы өз ара салыштыруу актыларына ылайык, транзиттик эсептеги Мамкомиссиянын акча каражаттарынын калдыгы 914,4 миң сомду жана 2020-жылга 116,7 миң сомду түзгөн. Эки жылга көрсөтүлгөн сумма (1 млн. 31,1 миң сом) аудит учурунда республикалык бюджетке кайтарылды.
Мындан тышкары, максатсыз пайдаланылган бюджеттик каражаттар 145,8 миң сом, нормадан ашыкча чыгымдалган күйүүчү майдын суммасы 28,4 миң сом бюджетке которулууга тийиш.
Жыйындын соңунда тиешелүү токтом кабыл алынып, аудиттин объектисине аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө аларды болтурбоо жөнүндө жазма буйрук жана сунуштамалар жөнөтүлдү.