Белгилүү интернет ылдамдыгын текшерүүчү Ookla веб-сайты (Speedtest) дүйнөнүн 179 өлкөсүндөгү 200 шаардагы мобилдик интернеттин ылдамдыгын анализдеген.
Маалыматка ылайык, эң ылдам мобилдик Wi-Fi ээ болгон шаарлардын сап башына Ар-Райян (Катар) чыккан. Анын орточо жүктөө ылдамдыгы 223,87 Мбит/сек. болгон. Экинчи жана үчүнчү орундарды тиешелүүлүгүнө жараша 210,70 Мбит/сек. жана 198,92 Мбит/сек. менен Дубай (БАЭ) жана Копенгаген (Дания) ээледи.
Пекин (Кытай) эң ылдам кең тилкелүү интернетке кирүүчү шаарлардын арасында биринчи орунду ээлеген. Анын орточо жүктөө ылдамдыгы 264,92 Мбит/сек. түзөт. Андан кийин 261,97 Мбит/сек. менен Абу-Даби (БАЭ) жана 232,08 Мбит/сек. менен Шанхай (Кытай) турат.
Эң ылдам кең тилкелүү интернетке ээ шаарлардын тизмесине Валпараисо (Чили) жана Бухарест (Румыния) шаарлары да кирип, Лос-Анжелес (АКШ), Барселона (Испания) жана Торонтодон (Канада) ашып өткөн.