Дүйнөлүк банк абанын булганышынын негизги факторлорун аныктоого колдоо көрсөтөт

04.02.2022, 16:13 Акчабар
Дүйнөлүк банк абанын булганышынын негизги факторлорун аныктоого колдоо көрсөтөт

Бүгүн Дүйнөлүк банк, Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы Бишкектин жана анын айланасындагы абанын булганышын азайтуу боюнча бир катар техникалык семинарларды баштады. Билим менен бөлүшүү иш-чараларынын бул сериясы абанын сапатын жакшыртуудагы көйгөйлөрдү, керектөөлөрдү жана артыкчылыктарды аныктоо жана борбор калаадагы абанын булгануу маселесин чечүү үчүн мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө үчүн аянтча түзүүгө багытталган. Семинарлардын сериясы 2022-жылдын октябрына чейин уланат.

«Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жетектөөчү координациялык агенттик катары Бишкек шаарынын мэриясы, жергиликтүү жамааттар жана бейөкмөт уюмдар менен тыгыз кызматташтыкта ​​өлкөдөгү абанын сапаты боюнча көйгөйлөрдү чечүү боюнча чараларды көрөт. Биз борбор калаабыздагы абанын сапатын жана жарандардын ден соолугун жакшыртуу боюнча Дүйнөлүк банк жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен болгон өнөктөштүгүбүздү жогору баалайбыз», — деди Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Канатбек Садыков.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматы боюнча, дүйнөдө жыл сайын абанын булганышынан улам пайда болгон жүрөк-кан тамыр жана өпкө ооруларынан, рактан жана инсульттан 6 млндон ашык адам каза болот. Ошону менен калктын аярлуу катмарынын олуттуу бөлүгү туура келет. Ден соолукка тийгизген кесепеттерден тышкары, абанын булганышы жогорку экономикалык чыгымдарды жана экологияга чоң зыян келтирет.

Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле, абанын сапатынын начардыгы Кыргызстандын ири шаарларынын жашоочуларынын ден соолугуна олуттуу коркунуч тудурат. Реалдуу убакыт режиминде абанын сапатын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген IQAir глобалдык маалымат платформасы борбор калаанын абасында зыяндуу жана уулуу заттардын жогорку деңгээлин бир нече жолу каттаган. Бишкектеги абанын булганышынын деңгээли ДССУнун абанын сапаты боюнча көрсөтмөлөрүнөн бир нече эсе жогору болуп, шаар тургундарынын ден соолугуна коркунуч жаратууда.

Абанын булганышынын негизги булактары болуп кыш мезгилинде турак жайларды жылытуу жана транспорт каражаттары саналат. Алыс аралыкка абаны булганышы боюнча тарансчегаралык Конвенцияга ылайык, Кыргызстан тараптан абанын берилген маалыматтарга караганда, 2018-жылы турак жайларды жылытуу бөлүкчөлөрүнүн эмиссиясынын 50 пайызга жакынын, ал эми азоттун диоксидинин (NO2) эмиссиясынын 70 пайыздан ашыгын транспорттук каражаттар түзгөн.

Видеоконференция форматында өткөн семинарга Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен, Бишкек шаарынын мэриясынан, башка мамлекеттик органдардан, илимий коомчулуктан, өнүктүрүү уюмдарынан ар кандай кызыкдар тараптар, анын ичинде ПРООН, Германиянын Эл аралык кызматташтык коому, Азия өнүктүрүү банкы, ошондой эле өнүктүрүү жана экология маселелери боюнча алдыңкы улуттук жана эл аралык эксперттер катышты. Алар учурдагы иш-аракеттерди, тиешелүү аракеттерди жана таза абаны камсыз кылуу үчүн энергетика, транспорт жана башка тармактардагы бардык кызыкдар тараптардын ортосундагы координациялоо маселелерин талкуулашты.

«Шаардын муниципалитети шаардын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча тиешелүү чараларды көрүп жатат, мунун баары шаардын жана Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунун экологиялык абалын жакшыртуу боюнча комплекстүү иш-чаралардын планында, «Жашыл экономиканы» өнүктүрүү программасында жана башка документтерде чагылдырылган. Мэрия кызматташууга дайым даяр жана бардык сунуштарга ачык. Дүйнөлүк банктын, Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун жана башка донордук уюмдардын эксперттеринин тажрыйбасы жана билими шаарыбызга жана анын тургундарына пайдалуу болот деп ишенем”,-деди Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкулов.

Дүйнөлүк банк кыргыз өкмөтүнө абанын булганышынын негизги факторлорун аныктоого, ошондой эле Бишкектин жана анын айланасындагы абанын сапатын жакшыртуу боюнча кыска жана узак мөөнөттүү чараларды жана инвестицияларды колдоодо. Бул өкмөттүк жана бейөкмөт уюмдар менен абанын сапатын башкаруу планын иштеп чыгуу, мыйзамдык базаны жана институттарды бекемдөө жана мамлекеттик сектордун потенциалын жогорулатуу үчүн билимдерди бөлүшүүнү камтыйт.

«Дүйнөлүк банк абанын сапатын жакшыртуу жана климаттын аярлуулугун жогорулатуу маселелерин чечүү үчүн кыргыз өкмөтүнө колдоо көрсөтүүгө умтулат», - деди Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн менеджери Навид Хасан Накви. «Ошондой эле биздин техникалык жана финансылык колдообуз жашыл экономикага өтүүнү ишке ашырууга, Кыргызстандын жарандарынын дени сак жана бакубат келечегин камсыз кылуу үчүн суу ресурстары, ландшафттар, токойлор жана биологиялык ар түрдүүлүк сыяктуу табигый капиталды калыбына келтирүүгө багытталган».

Тэги: Дүйлөлүк банк абанын сапатын жакшыртуу кара түтүн

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу