Дүйнөлүк банк CASA-1000 долбооруна кошумча 18,3 млн доллар берет

03.11.2023, 12:50 Акчабар
Дүйнөлүк банк CASA-1000 долбооруна кошумча 18,3 млн доллар берет

Дүйнөлүк банктын Аткаруучу директорлор кеңеши Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан “CASA-1000” долбооруна кошумча 18,3 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын сайтына жазылды. 

Маалыматка ылайык, каражат 50 жылдык мөөнөт менен жеңилдетилген насыя катары берилет. 

Белгилеп кетсек, бир нече донорлор жана эл аралык каржы институттарынын колдоосуна ээ болгон бул долбоор 2014-жылдын март айында жактырылып, 2018-жылдын январында күчүнө кирген.

“Кыргызстан үчүн “CASA-1000” долбоорун кошумча каржылоо Дүйнөлүк банктын жеңилдетилген насыялык бөлүмү болгон Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан (ЭӨА) 10 жылдык жеңилдик менен 50 жылга пайызсыз кредит түрүндө берилет. Долбоор 2025-жылдын март айына чейин "Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААК тарабынан катуу эл аралык стандарттарга, анын ичинде сатып алуулар жана финансылык башкаруу эрежелерине, ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү принциптерине ылайык ишке ашырылат”, - деп айтылат маалыматта. 

Кыргызстандагы “CASA-1000” долбоорунун жалпы инвестициялык пакети 216 млн долларды түзөт, анын 85 млн доллары Европа инвестициялык банкынан, 63 млн доллары Ислам өнүктүрүү банкынан, 68 млн доллары Дүйнөлүк банктан жана көп донордук трасттык фонддон турат. Бул каражаттар жогорку чыңалуудагы электр энергиясын өткөрүү инфраструктурасын курууга жана электр энергиясын туруктуу соодалоого шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Тэги: CASA-1000 долбоору энергетика Кырргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу