Өткөн жылдын IV кварталында акча которуулар тутуму аркылуу Кыргызстандан дээрлик 71 млрд сом которулган. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Регулятордун маалыматына ылайык, «Золотая Корона» кызматы менен – 48.8 млрд сом акча которулган. Андан кийин «Western Union» акча которуу кызматы аркылуу 13.8 млрд сом жиберилген.
Андан соң, «Contact» аркылуу – 4.1 млрд сом жана «Юнистрим» менен – 2.5 млрд сом каражат жиберилген.