Мамлекеттик материалдык резервдер фонду унга каптарды сатып алууга тендер жарыялады. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар сайтында жайгаштырылган.
Тендердин баасы 8 миллион 10 миң сомду түзөт. Бул суммага мекеме 50 кг унду таңгактоочу логотиби бар 300 миң полипропилен каптарды сатып алууну көздөөдө.