Өкмөттө экперттик топ тарабынан иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө кодексинин долбоорунун концепциясы сунушталды.
Бул долбоорду иштеп чыгуунун башкы максаты жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бүткүл мыйзамдык базасын бир документке бириктирүү болуп саналат
Маалымдама: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө кодексти иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 28-июнундагы № 240-б буйругуна ылайык түзүлгөн.