Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева калктын санын көбөйтүү максатында депутаттар иштеп чыккан “Алтын бала” программасы тууралуу айтып берди. Программада үй-бүлөдөгү ар бир үчүнчү бала үч жашка чыкканга чейин ай сайын жөлөкпул төлөп туруу сунушталууда. Ал эми бийик тоолуу жана чек ара аймактарында жашаган үй-бүлөлөргө үй-бүлөнүн материалдык абалына карабастан ай сайын үч балага жөлөк пул төлөө сунушталууда.
Камила Талиева белгилегендей, эсептөөлөр боюнча, программаны ишке ашыруу үчүн жылына 2 млрд сом керектелет.
Депутаттын айтымында, Кыргызстанда акыркы 4 жылда төрөлүү азайып баратат. 2019-жылы 173 миң 484 бала төрөлгөн. 2020-жылы төрөлүү 15 миңден ашык, 2021-жылы 8 миңге кыскарган. 2022-жылы “Балага сүйүнчү” бир жолку жөлөкпул алуучулардын саны 12%га кыскарган.
Депутат Кыргызстанда бир күндө орто эсеп менен 505 бала төрөлүп, 120 адам каза болуп, 75 адам миграцияга кетип жатканын кошумчалады.