Тамекинин баасы көтөрүлдү

03.02.2021, 10:15 Акчабар
Тамекинин баасы көтөрүлдү

2021-жылдан тарта тамеки буюмдарына акциздик салыктар 250 сомго көтөрүлдү - 1 миң даана үчүн 1,75 миңден 2 миң сомго чейин, деп билдирди Мамлекеттик салык кызматы.

Мекемеден белгилешкендей, баалардын жогорулашы өлкө жарандарынын ден-соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен сактоо, ошондой эле ЕАЭБдин чегинде акциздик салыктардын бааларына шайкеш келтирүү максаты менен байланыштуу.

[жаңылык 32042]

"Сигарилолорго акциздик салыктын суммасы быйыл 1 миң даанага 2020-жылы 1,22 миңдин ордуна 1,4 миң сомду түзсө, 2022-жылдан баштап 1 миң 610 сомду түздү, 1 даана сигарага акциздик салыктын суммасы 25 сомго көбөйдү былтыр 175 сомду түзсө, 2022-жылы дагы 25 сомго көтөрүлөт”, - деп түшүндүрүштү салык кызматындагылар.

2021-жылы бир кг тамеки жана жылытылган тамеки буюмдарына салыктын суммасы 700 сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 90 сомго көбөйгөн, ал эми 2022-жылдын 1-январынан тарта 800 сомду түзөт. Электрондук тамекиге 1 миллилитр никотин камтыган суюктукка акциз салыгы 1 сомдон 1,25 сомго көтөрүлдү, 2022-жылдын 1-январынан тартып, анын суммасы 1,5 сомду түзөт.

 

Тэги: акциз ГНС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу