COVID-19 илдетинин жайылышы IT-технологияларга болгон глобалдык чыгымдарды кайра карап чыгууга алып келди. Бул тууралуу IT-тармагындагы изилдөөчү Arne Holst билдирди.
Изилдөөдө айтылгандай, дүйнөлүк IT-тармагы 2020-жылы 2019-жылга салыштырмалуу 5.1 пайызга кыскара тургандыгы күтүлүүдө. Андан аркы төмөндөө дагы 2020-жылдын апрель айынан берки көрсөткүчтөр менен салыштырылган.
Божомолдор пандемиянын IT-тармагына тийгизген таасиринин эки сценарийи бар экендигин айтышат. «Көбүрөөк ыктымалдуу» деген божомолдорго ылайык, IT-тармагынын чыгымдары 2019-жылга салыштырмалуу 3.7 пайызга өсөт. Пессимисттик сценарий 2020-жылы өсүү 1,3 пайызды түзөт деп айтылат изилдөөдө.