Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты тейлөө борборлору майрам жана дем алыш күндөрү жарандарга ID-карталарын берүү үчүн саат 9:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Бул тууралуу ведомствонун басма соз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, президенттик шайлоо жана референдумдун алдында жарандардын кайрылууларынын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу, ID-паспортун даярдоого мурда арыз берген жарандар, паспортторду жасап берүү тарбине жана жаңы жумушчу календарга ылайык, 2021-жылдын 7-январынан 10-январына чейин саат 9: 00дөн 20: 00гө чейин даяр ID-карталарын ала алышат.
ID-картанын даярдыгы боюнча маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынын https://portal.srs.kg/kg/ - электрондук кызмат көсөтүүлөр порталынан жана «Услуги ГРС» мобилдик тиркемеси аркылуу алса болот.
Келе жаткан маанилүү иш-чарага байланыштуу майрамдар жана дем алыш күндөрү жокко чыгарылды.