Жыл аягына чейин ЕЭК Евразиялык транспорттук коридорлордун тизмесин бекитет

04.10.2021, 10:00 Акчабар
Жыл аягына чейин ЕЭК Евразиялык транспорттук коридорлордун тизмесин бекитет

Ушул жылдын аягына чейин ЕЭК Евразиялык транспорттук коридорлордун тизмесин бекитүү боюнча комиссиялык акт даярдоону пландап жатат. Маселе 2021-жылдын октябрында ЕЭК Коллегиясынын жыйынында каралат. Бул тууралуу ЕЭК министри Темирбек Асанбеков билдирди.

ЕЭК кеме ташуу боюнча келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон процедураларды аягына чыгарууга, контейнердик трафикти өнүктүрүү боюнча аналитикалык отчет даярдоого ниеттенүүдө.

Кошумчалай кетсек, учурда евразиялык транспорттук коридорлордун тизмесине кирген жолдордо жүрүүдө уруксат берилген салмактар, октун жүктөрү жана транспорт каражаттарынын өлчөмдөрү боюнча эл аралык келишим, ошондой эле эл аралык мекемелер аралык келишим жана актылар боюнча иштер жүрүп жатат.

Бул документтер 2022-жылы кабыл алынат.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу