10-11-февралда мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкынан билдиришти.
Алсак, 10-февралда Улуттук банк жүгүртүү мөөнөтү 12 ай болгон мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрөт. Анын эсебинен бюджетке 50 млн сом түшүшү керек. 11-февралдагы аукциондо 3 жылдык казыналык милдеттенмелердин эсебинен дагы 300 млн сом тартуу пландалууда.
Кошумчалай кетсек, буга чейинки жайгаштыруулардын жыйынтыгы боюнча 12 айлык векселдердин кирешелүүлүгү 8,48%ды, 3 жылдык облигациялар боюнча 11,5%ды түзгөн.