Улуттук банктын 2021-жылдын 25-майындагы ноталар аукциондорунун жыйынтыгы боюнча 7, 14 жана 28 күндүк ноталардын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 5,21%, 5,89% жана 6,18% түздү, деп билдирди мекемедегилер.
Натыйжада, 28 күндүк ноталардын кирешелүүлүгү 0,16% га, ал эми 14 күндүк ноталардын кирешелүүлүгү 0,05% га жогорулаган. Акыркы жолу жети күндүк ноталар боюнча аукцион жараксыз деп табылган, бирок акыркы аукциондон бери 7 күндүк ноталар боюнча кирешелүүлүк 0,41% га жогорулаган.
Эске салсак, өткөн аукциондун көлөмү 2,2 млрд сом болгон.