Кечээ, 1-февралда өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28 күн болгон Улуттук банктын ноталары боюнча кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 6,63%, 7,06% жана 7,27%ды түздү.
91 күндүк ноталардын аукциону катышуучулардын жетишсиздигине байланыштуу өткөрүлбөгөн катары таанылган.
Белгилей кетсек, мурда өткөрүлгөн аукционго салыштырмалуу ноталардын кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 0,06 пайыздык пунктка, 0,15 пайыздык пунктка жана 0,13 пайыздык пунктка жогорулаган.
Эске салсак, ноталарды жайгаштыруу аркылуу банк истемасынан 8,6 млрд сом алуу пландалган.