Аукциондун жыйынтыгында эки жылдык мамлекеттик казына облигацияларынын эмиссиясынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү 14% түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.
Аукцион 15-июлда өткөн. Эки жылдык баалуу кагаздарды жайгаштыруунун эсебинен Каржы министрлиги бюджетке 200 миллион сом тартууну пландаган.
Кошумчаласак, июль айында Каржы министрлиги 200 миллион сомго эки жылдык мамлекеттик облигацияларды чыгарууну пландаган.