Улуттук банк 300 млн сомго мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырды. Кирешенин көлөмү 10% түздү. Бул тууралуу регулятордон маалымдашты.
Белгилей кетсек, Улуттук банк алгачкы кирешесин жылына 5% деп болжолдогон. Купондор боюнча төлөм 2021-жылга чейин март жана сентябрь айларында жүргүзүлүп турат.