Быйыл январь-июль айларында байланыш кызматын көрсөтүүдөн алынган киреше 14,1 миллиард сомду түздү, деп жазды Улуттук статистикалык комитет.
Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 5,1%га өскөн.
Почта жана курьердик ишмердүүлүктөн түшкөн киреше 2020-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 0,8% га өсүп, 455,2 миллион сомду түзгөн.