Энергетика министрлигинин карызы бүгүнкү күндө 134 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 6-октябрдагы жыйынында аталган мекеменин башчысы Таалайбек Ибраев билдирди.
Ибраев ири карызы бар долбоорлорду тизмектеди: “Датка-Кемин” көмөкчордондору – 380 миллион сомго жакын, Бишкек ЖЭБи – 280 миллион сомго жакын, CASA-1000 долбоору, АӨБ жана ЕБРР боюнча карыздар бар.
Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун демилгеси менен Каржы министрлиги бул карызды өз мойнуна ала алат.