Компаниялардын бюджетке карызы бир ай ичинде үчтөн бирге көбөйдү

28.07.2022, 15:57 Акчабар
Компаниялардын бюджетке карызы бир ай ичинде үчтөн бирге көбөйдү

Өлкөдө жалпы салык карызы 1-июлга карата өткөн айга салыштырмалуу 31,7%га көбөйүп, 19 млрд 401,2 сомду түздү. Салык карызы бар адамдардын тизмесин Мамлекеттик салык кызматы жарыялады.

Ага ылайык, 3 миллиард сомдон ашык карызы бар эң ири салык карызы "Лаллана Трейд" ЖЧКсы болду. Аталган ишкана Чүй облусунда катталган жана жүк ташуу менен алектенет.

Экинчи орунда 1,5 миллиард сом карызы менен орусиялык INTERRUSTREDE компаниясынын Бишкектеги филиалы турат. Аталган компания “Полларис” ЖЧКсы менен бирге КР салык жана бажы кызматтарынын кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, бюджетке жүздөгөн миллион сомдорду чыгарып алган ишкерлерге карата чуулуу кылмыш ишин козгогон. “Полларис” ЖЧКсы да Мамлекеттик салык кызматынын тизмесинде. Анын карызы 113,8 миллион сомду түзөт.

"Ак-Кеме" мейманканасы 491 миллион 880 миң сом карызы менен алдыңкы үчтүктү жапты.

Карызы барлардын толук тизмесинде 2,2 миңден ашык ишкана бар.

Тэги: налоги ГНС задолженности

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу