2020-жылы орусиялыктардын төлөө мөөнөтүнөн өтүп кеткен авто насыясынын көлөмү 10.3 млрд рублга жогорулап, 56 млрд рублга жетти. Бул тууралуу «Известия» басылмасы билдирди.
Басылмадан белгилешкендей, авто насыя алган ар бир 15-жаранда төлөө боюнча маселе бар. 2021-жылдын аягына чейин карыздын көлөмү 64 млрд рублга чейин чыгышы мүмкүн деп белгилешти эксперттер.
Карыздын жогорулашынын басымуу бөлүгү пандемияга байланыштуу.