Улуттук банк 27-мартка карата валюта курсун жаңылады, бул бүгүн 28-мартка да тиешелүү. Ага ылайык, доллар 0,62%га жана евро 0,89%га арзандады.
Доллардын баасы 94,6485 сомду, евро 103,9524 сомду түздү. Сомго карата эң көп рубль 1,82%га төмөндөп, 0,9427 сомду түздү. Ал эми теңге 0,67%га алсызданып, 0,1915 сомду түздү.
Кошумчалай кетсек, коммерциялык банктар долларды элден 89-90 сомдон сатып алып, кайра 92 сомдон сатууда.