Кыргыз сомунун алмашуу курсунун туруктуулугу 2021-2023-жылдары болжолдонууда. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын макроэкономикалык отчетунда айтылды.
Банктын божомолуна ылайык, учурдагы валюта саясаты орто мөөнөттүү келечекте экономикалык базалык сценарий боюнча сакталышы керек. Акча-кредиттик органдар, өзгөрүлмөлүү алмашуу курсунун режимин колдонуп, алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн алдын алуу үчүн валюталык интервенцияларды жүргүзүүнү улантышат.
Ошентип, ЕӨБ 2021-2023-жылдар аралыгында улуттук валютанын курсу АКШ долларына 84–86 сом ортосунда өзгөрүлүп турат деп болжолдойт.