Банктар аралык соодада АКШ долларына талап өстү

11.11.2022, 15:21 Акчабар
Банктар аралык соодада АКШ долларына талап өстү

Кечээ, 10-ноябрда комбанктар банктар аралык валюта аукциондорунда 4 миллион 620 миң доллар сатып алышты. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. 

Анын ичинен 2,7 миллион доллар бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүү менен, дагы 1 миллион 920 миң доллар бүтүм түзүлгөн күндөн башка эсептешүү менен сатылып алынды. Ага ылайык, 9-ноябрга карата валютага суроо-талап 3,5 эсеге өстү. 

АКШ валютасынын бирдиги үчүн соодалар 84,3 сом менен ачылды. Бул 9-ноябрдагы жабуу курсунан 0,12%га жогору. Ошол эле учурда 10-ноябрдагы сооданын жабылышына карата доллардын курсу дагы 0,09%га жогорулап, 84,38 сомду түздү.  

 

Тэги: новости Кыргызстана доллар США валютные торги деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу