“Тулпар” долбоорунда борбор калаанын мэриясынын үлүшү 50%га чейин көбөйтүлдү. Бул тууралуу бүгүн өткөн Бишкек шаардык мэриясынын коллегиясында белгилүү болду.
Эске сала кетсек, буга чейин муниципалитеттин үлүшү 25% болчу.
“2023-жылдын 1-ноябрына карата күнүмдүк транзакциялардын саны орточо эсеп менен 180 миңди түзсө, бүгүнкү күндө күнүмдүк транзакциялардын саны 400 миңге жетти”, - деп айтылат мэриянын маалыматында.