"Дос-Кредобанктын" башкармалыгынын мурунку төрагасы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.
Белгиленгендей, Данияр Мусабаев директорлор кеңешинин төрагасы кызматынан өз каалоосу менен кеткен.
16-мартта директорлор кеңешинин чечими менен Чолпон Эшбердиева банктын башкармалыгынын төрайымы кызматына дайындалган.
Ачык маалыматтарга ылайык, Чолпон Эшбердиева Кыргыз-Швейцария Банкынын башкармалыгынын мүчөсү болгон.