ААК «Түндүкэлектрдин» мурунку жетекчиси Доскул Бекмурзаев Улуттук энергохолдингтин башкы дректордун орун басары болуп дайындалды.
Буга чейин Бекмурзаев «Түндүкэлектрдин» жетекчилик кызматынан 2020-жылдын 28-октябрында бошотулган. Мындай чечим директорлор кеңеши, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жана ААК «Улуттук энргохолдинг» менен бирге макулдашылган. Бирок, ал мындай чечимге макул эместигин билдирип, сотко кайрылган.
Энергетиктер Улан Астаркуловдун дайындалышына макул эмес экендиктерин билдиришип, өкмөт үйүнө нааразычылык акциясына чыгышкан.