Дүйнөдөгү 10 миллиардер бир күндө 38 млрд $ жоготушкан

11.03.2020, 11:40 Акчабар
Дүйнөдөгү 10 миллиардер бир күндө 38 млрд $ жоготушкан

Валютадагы өзгөрүүлөр дүйнөдөгү 10 эң бай адамдын байлыгына орчундуу терс таасириин тийгизди. Бир күн ичинде алар 38 млрд доллар каражатын жоготуп алышты. Бул тууралуу Forbes порталы билдирди. 

«Кара дүйшөмбүнүн» ийгиликсиз каарманы болуп европалык Louis Vuitton жана Dior компаниялардын ээси Бернар Арно болду. Ал бир күн ичинде 6 млрд долларын жоготкон. 

Amazon интернет - дүкөнүнүн негиздөөчүсү жана ээси Жефф Безостун кирешеси бир күндө 5.6 млрд долларга азайды. Амазондун акциясы 5% төмөндөдү. Мурунку жума ичинде дагы Безостун кирешеси 14.1 млрд долларга азайган. 

Уоррен Баффеттин байлыгы бир күндө 5.4 млрд долларга кыскарган. Мексикалык телемагнат Карлос Слим бир кундө 5 млрд долларын «жоготту», бул анын байлыгынын 8% түзөт. Фейсбук социалдык түйүндүн негиздөөчүсү Марк Цукерберг «кара дүйшөмбүдөн» жапа чеккен топ-5тин катарына кирди. Ал 4.2 млрд долларын жоготкон. 

Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Гейтстин капиталы 3.8 млрд долларга, Google компаниясынын кош-негиздөөчүсү Ларри Пейдждики- 3.3 млрд долларка кыскарган. Oracle акциясы 3% кыскарганда, анын жетекчисинин байлыгы 1.8 млрд долларга кыскарган. 

Тэги: миллиардер байлык каражат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу