Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 63 млн $ бөлөт. Каражаттар кайда жумшалат?

09.03.2020, 13:10 Акчабар
Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 63 млн $ бөлөт. Каражаттар кайда жумшалат?

Дүйнөлүк банк«Аймакты өнүктүрүү»долбоорунун алкагында 63 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети Ош облусундагы жана Ош шаарындагы «Региондук экономикалык өнүктүрүү» долбоору боюнча КР өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк Банк) ортосундагы эки тараптуу финансалык макулдашуу долбоорун жактырды.

Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев курамы 5 кошундудан турган эки тараптуу келишим Ош облусун өнүктүрүүгө багытталганын, анын алкагында аймактык өнүгүүгө 5,5 млн доллар, айыл чарбасына 25,5 млн доллар, Ош шаарынын инфратүзүмүнө 22 млн доллар, чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө 3 млн доллар, долбоордун өзүнө 4 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүнөрүн билдирди.

Депутат Рада Туманбаева бул долбоор үстүртөн эле даярдалып калганын, 5 компоненттин ичиндеги чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү маселеси туура коюлганын белгилеп, өкмөт өкүлдөрүн насыя каражатын өз багытында жана сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.

 

 

Тэги: дүйнөлүк банк Кыргызстан каражат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу