Быйыл “Электр станциялары” жана “Кыргызстандын Улуттук электр тармагы” ААК уставдык капиталын көбөйтүү үчүн бюджеттен 10,8 млрд. сом алат. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Бул акча атайын мамлекеттик стратегиялык энергетикалык ишканаларды өнүктүрүүгө бөлүнгөн.
Ошондой эле 2024-жылга 55,8 млрд. сом, 2025-жылга 57 млрд. сом каралган.
Кошумчалай кетсек, “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасын субсидиялоого жыл сайын каражат бөлүнүп келет.
Белгилеп кетсек, Кыргызстандын энергетика тармагы суу жана электр энергиянын жетишсиздиги сыяктуу бир катар кыйынчылыктарга дуушар болууда. Алсак, 2021-жылдын акырына карата “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ишканасынын таза чыгымы 2 млрд. 71 млн. сомго, ал эми 2022-жылдын акырына карата 340 млн. 752 миң сомго бааланган. Өткөн жылдын IV кварталында “Электр станциялары” ишканасынын таза чыгымы 3 млрд. 52 млн. сомду түздү.