Кыргызстандын коммерциялык банктарынын уставдык капиталына чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмү 2021-жылдын экинчи кварталынын аягында 9 400,7 миллион сомго бааланганын Улуттук банк билдирди.
Ошол эле учурда быйылкы жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу көрсөткүч 4,4 миллион сомго азайган. Буга "Бай-Түшүм" банкынан жана KICBден чет өлкөлүк капиталдын 3,1 миллион жана 1,8 миллион сомго чыгып кетиши себеп болгон.
Ошол эле учурда "Толубай" банкына чет өлкөлүк инвестициялар 500 миң сомго көбөйдү.