Кытай менен чек аралаш эки өткөрүү пункту убактылуу жабылат

29.12.2023, 09:29 Акчабар
Кытай менен чек аралаш эки өткөрүү пункту убактылуу жабылат

Кытай тараптын демилгеси менен Жаңы жыл майрамына байланыштуу 1-январдан тарта мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан “Торугарт автожол” жана “Эркечтам-автожол” өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш кызматы билдирди.

“Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 2024-жылдын 2-январынан тарта жанданат. 

“УКМКнын Чек ара кызматы “Торугарт-автожол” жана “Эркечтам-автожол” көзөмөл-өткөрүү пункттары иш күндөрү кадимки режимде — дүйшөмбүдөн жумага чейин иштей турганын эскертет”, - деп билдирет Чек ара кызматы.

Дем алыш күндөрү - ишемби жана жекшемби күндөрү өткөрүү пункту аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат.

 

Тэги: новости Кыргызстана кыргызско-китайская граница КПП праздники

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу