Гилас түшүмдүү болушу үчүн биологиялык каражаттарды колдонуу сунушталат

09.05.2024, 15:30 Акчабар
Гилас түшүмдүү болушу үчүн биологиялык каражаттарды колдонуу сунушталат

Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти бүгүнкү күндө органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүдө биологиялык каражаттарды өндүрүп келүүдө. Аталган департамент гиласти таза органикалык продукция катары өндүрүүдө оорууларын жана зыянкечтерге каршы биологиялык каражаттарды колдонууну сунуштайт. 

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен жергесинде гиласти (черешня) өстүрүү жана экскпортко чыгаруу пландалууда. 

“Гиластын зыянкечтери катары өсүмдүк бити жана кенелери (Аскохитоздук тактар, кластероспороз (тешик тактары), коккомикоз же кызыл күрөң тактар) болуп саналат. Күрөшүү үчүн биологиялык ыкма энтомофаг “Алтын көз” жана “амблесейус энтомофагдарын, ал эми грибоктук оорууларына “Триходермин” биологиялык препаратын колдонсо болот", - деп айтылат маалыматта. 

Вегетация учурунда триходермин биопрепаратын 3 жолу колдонуу шарт. “Алтын көз” жана “амблесейус энтомофагын” зыянкечтер пайда болгон учурда колдонуу керек.

Тэги: гилас алча айыл чарба айыл чарба мөмө-жемиш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу