Кыргызстанда инфляция 2024-жылдын аягында 7,8%га чейин төмөндөйт. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкы өз баяндамасында жазды.
Ошону менен бирге, 2024-жылдын башында инфляциялык фондун өсүшү керектөө активдүүлүгүнүн жогору болушуна, дан эгиндерине жана күйүүчү-майлоочу майга импорттук баанын өсүшүнө байланыштуу күтүлүүдө. Керектөө активдүүлүгү начарлап, дан эгиндеринин жаңы түшүмү келгенде инфляциянын басаңдашы айкыныраак болот.