Евразия өнүктүрүү банкы Улуттук банк жана биржа менен кызматташууга кызкдар. Бул тууралуу Бишкектеги 2019-жылдын I жарым жылдыгы боюнча пресс конференция берип жаткан ЕАӨБ төрагасы Андрей Бельянинов билдирди.
Ал Кыргызстанда чыгарылган баалуу кагаздар боюнча иштөөгө кызыкдар болгонун дагы бир жолу белгилеп кетти.
«Тилекке каршы, Кыргыхзстандын финансы рыногу аябай өнүккөн эмес. Алтургай, Казахстандагыдай өнүгүү жок. Бирок, баары алдыда. Биз дагы алдыга жылдырууга аракет жасайбыз », —деп белгиледи Бельянинов.