ЕАЭБ алкагында тамеки өнүмдөрүнө акциздик салык саясатын шайкеш келтирүү сунушталууда

02.02.2022, 12:23 Акчабар
ЕАЭБ алкагында тамеки өнүмдөрүнө акциздик салык саясатын шайкеш келтирүү сунушталууда

Бүгүн, 2-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "2019-жылдын 19-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчѳ-мамлекеттердин тамеки продукциясына акциз тармагында салык саясатын жүргүзүүнүн принциптери жѳнүндѳ макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Бажы кызматынын маалыматына караганда, аталган макулдашуу ЕАЭБ алкагында тамеки өнүмдөрүнө акциздик салык саясатын шайкеш келтирүүгө багытталган.

Белгилүү болгондой Кыргызстанда тамек өндүрүлбөйт, негизинен чет өлкөлүк компаниялардын өнүмдөрү сатылат.

Талкуу маалында депутат Дастанбек Жумабеков эгер тамеки өнүмдөрүнө акциздик салыктар көбөйтүлсө, анын баасы да көтөрүлө турганына токтолуп, чечим кабыл алууда өлкө жарандарынын мүмкүнчүлүктөрүн да эске алууга чакырды.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу