Ушул жылдын март айында Бишкек шаары эң керектүү товарларды сатып алуу боюнча ЕАЭБдеги башка борборлордон артта калган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкекте орточо айлык акыга дээрлик 660 килограмм ун сатылып алынса, Москвада 2,4 эсеге (1580,1 килограмм) көп ун келген. Астана шаарында бир айлыкка 3 тонна картошка келсе, Бишкек шаарында 900 килограммдан ашык картошка сатып алууга мүмкүн болгон.
“Бишкекте орточо айлык маяна 403 долларды, Астанада 962,3 долларды, Москвада 1608 долларды, Минскиде 847,5 долларды түзгөн”, - деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, эмгек акынын сатып алуу жөндөмдүүлүгү орточо айлык эмгек акыны (улуттук валютада) тиешелүү өнүмдүн 1 килограммынын орточо баасына бөлүү жолу менен аныкталат.