ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн чекене соода жүгүртүүсү 2020-жылдын январь-сентябрь айларында 379.4 млрд долларды түзгөн. 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу чекене сатуунун көлөмү 4.8% төмөндөгөн.
Кыргызстан жана Арменияда көрсөткүч 17.9% жана 15.3% төмөндөгөн. Казакстан жана Россияда төмөндөө 6.8%-4.8% түзгөн.
Кошумчалай кетсек, ЕАЭБ ичинен Белорусияда 2019-жылдын январь-сентябрь айына салыштырмалуу чекене сооданын көлөмү 2.4% жогорулаган.