Быйыл апрель айына карата бардык ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө керектөө баалары жана тарифтер мурунку айга салыштырмалуу жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктерге болгон баалар 0,2%га жана тамеки өнүмдөрүнүн баасы 1,3%га өскөн.
Ошондой эле, апрелде 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли 4,2% менен Казакстанда катталды. Мында азык-түлүк товарларынын 5%га жана азык-түлүк эмес товарлардын баасы 3,8%га өскөн. Ошол эле учурда, кызмат көрсөтүүлөрдүн максималдуу баасы 4,4% менен Беларуста катталды.