ЕРӨБ төрт шаарды ичүүчү суу менен камсыздоого 18,6 млн евро бөлөт

05.12.2023, 13:03 Акчабар
ЕРӨБ төрт шаарды ичүүчү суу менен камсыздоого 18,6 млн евро бөлөт

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак жана Айдаркен шаарларын ичүүчү суу менен камсыздоого 18,6 млн евро бөлөт. ЕРӨБ менен тиешелүү макулдашууну Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети биринчи окууда жактырды.

Бул каражаттардын 8 млн евросу төрт жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен 15 жылдык мөөнөткө Euribor+1% пайыздык үстөк менен насыя катары берилет. ЕРӨБ дагы 8 млн еврону грант катары жана 2,6 млн еврону техникалык кызматташтык боюнча гранттык каражат катары берет.

Ичүүчү суу менен камсыздоону реабилитациялоо долбоорун ишке ашыруу мөөнөтү 3 жыл. Ошол эле учурда ар бир шаарга 4 млн 650 миң евро каралган. Бул каражаттар суу алгычтарды, суу түтүктөрүн жана суу сактагычтарды реабилитациялоого жана курууга, иштеп жаткан оңдоочу жабдууларды жана жабдууларды жаңылоого, эксплуатациялоочу объекттерди модернизациялоого жумшалат.

Белгилеп кетсек, долбоор ишке ашырыла турган шаарлар үчүн ичүүчү суунун тарифтери 15%дан 80%га чейин көтөрүлөт. Азыр бекитилген тариф орточо эсеп менен 4,90 сомдон 11,06 сомго чейин. 2025-жылга чейин бул тарифтерге дагы 20 сом кошулат.

Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында төрт шаардын калкынын жалпы саны 57 миң адамды түзөрү айтылат.

Тэги: ЕБРР кредит питьевая вода

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу