ЕЭБ совед бренддери боюнча талашты чечүүнүн жолдорун табышты

13.03.2019, 14:12 Акчабар
ЕЭБ совед бренддери боюнча талашты чечүүнүн жолдорун табышты

Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттин ишкерлерине биргелешкен лицензия берүү алардын ортосундагы товардык талаштарды жөнгө салат. Ошентип, советтик бренддерди колдонуп товар чыгарган ишкерлердин талашына чекит коюлат деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясына экономика жана финансы  министри Тимур Жаксылыков.

Акыркы убата ЕЭБ кирген  мамлекеттердин ортосунда товар ташууда  советтик бренди колдонгон тараптардын ортосунда тоскоолдуктар жаралууда. 

 СССР тараган маалда андагы  айрым товардык белгилер сакталып калган. Көпчүлүк ишканалар жеке тараптарга өтүп, алардын ээлери  товардык белгини улуттук патент борборлорунда каттоого алышкан. Эми ЕЭБ кирген мамлекеттерге чыгууда, бул соода маркалары талаш жаратып, тартипке  салуу зарылдыгы пайда болду. 

ЕЭБ түзүлгөндөн тарта товардык белгилерди аныктоо маселеси көтөрүлүп, айрыкча кондитер азыктары бренд талашууда. 

«Комиссия советтик соода белгилерин колдонуу боюнча укуктук жагын анализдеп чыкты.  Биз бул маселени  бизнес, мамлекеттик органдар менен талкуулап, анын чеүүнүн жакшы жолу катары бизнесмендерге тең укукту лицензия берүү деп ойлойбуз.  Ошондуктан, лицензиялык келишим түзүүгө чакырабыз. Ошентип, ЕЭБ кирген мамлекеттер арасында соода белгилери тоскоолдуксуз башка рынокко чыга алат » – деп айты Жаксылыков.

Мындан тышкары ал соода маркасына байланышкан талаштар жарандык-укуктук мамилелер аркылуу жөнгө  салынарын кошумчалады.

Тэги: ЕЭК споры ЕАЭС бренды

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу