ЕАЭБдин тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнө өзгөрүүлөр кирди

13.11.2021, 09:19 Акчабар
ЕАЭБдин тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнө өзгөрүүлөр кирди

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык биримдигинин Тышкы экономикалык ишмердигинин бирдиктүү товардык номенклатурасында жыгач материалдарын алардын нымдуулугун жана кайра иштетүү даражасын эске алуу менен бөлүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу ЕАЭБ сайтында маалымдалды.

Ошол эле учурда бул товарларга карата ЕТТ ЕАЭБдин ташып келүү бажы алымдарынын ставкалары учурдагы деңгээлде сакталды.

“Кайра иштетүү тереңдигине жана нымдуулугуна жараша жыгач үчүн өзүнчө позицияларды бөлүштүрүү зарыл болгон учурда жогорку кошумча нарк менен ата мекендик өндүрүштү стимулдаштыруу, ошондой эле натыйжалуулукту жогорулатуу максатында товарлардын тышкы соодасын жөнгө салуу боюнча пункттук чараларды киргизүүгө мүмкүндүк берет, - деп түшүндүрдү ЕЭКтин Бажы тарифи жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян.

Тиешелүү өзгөртүүлөр ЕЭКтин бир катар башка актыларына аларды ЕАЭБтин Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн товардык номенклатурасына ылайык келтирүү үчүн киргизилет. Чечимдердин пакети 2022-жылдын 2-январынан тартып күчүнө кириши күтүлүүдө.

Тэги: Вступление в ЕАЭС Евразия экономикалык комиссия таможенная пошлина

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу