Эки айда дээрлик 36 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогулду

03.03.2023, 12:14 Акчабар
Эки айда дээрлик 36 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогулду

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь-февраль айларында 35 млрд 951,9 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, белгиленген план 455,4 млн сомго ашыгы менен аткарылган. 

Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү быйыл эки айда 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,2 млрд сомго көп жыйналган.

“Анын ичинде 26 млрд 526,6 млн сом салык жана төлөмдөр, 9 млрд 425,3 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду”, - деп айтылат маалыматта. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу